Чакан ГЭС 2021/2022 күз-кыш мезгилине(ККМ) даярдыктарды көрүү алкагында төмөнкү оңдоп-түзөө иштерин жасады:
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 октября 2021

Чакан ГЭС 2021/2022 күз-кыш мезгилине(ККМ) даярдыктарды көрүү алкагында төмөнкү оңдоп-түзөө иштерин жасады:

- ГЭС – 3 жана ГЭС – 4 гидроагрегаттарына жана көмөкчү жабдууларына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү;

- Быстровка ГЭС жана ГЭС-6 көмөкчү жабдуулары жана алардын гидроагрегаттарына орточо оңдоо иштери жасалды;
Негизги жана көмөкчү жабдуулардын күнүмдүк оңдоп-түзөө иштери кечиктирилбестен жылдык график боюнча жүргүзүлүүдө.

Ушул жылдын октябр айы үчүн KКМга даярдактан өтүүгө жабдууларды даярдоо боюнча 294төн 272 иш-чара аткарылган, бул пландын 92,52% түзөт. Калган 22 иш-чараны ушул айдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

2021 -жылдын октябр айы "Чакан ГЭС" ААКсы иш жүзүндө электр энергиясын өндүрүүсү 101 870 904 кВт саатты түздү.

Кошумчалай кетсек, быйыл жалпы Орто Азия, Кыргызстан боюнча суу 40% аз келип, сугат суунун тартыш болуусу да 2021-жылы "Чакан ГЭС" ААКнын ишине таасирин тийгизди. Буга байланыштуу, 9 ай ичинде электр энергиясын иш жүзүндө иштеп чыгуу көрсөткүчү өткөн жылдарга салыштырмалуу 7,8% га төмөндөдү.

*Маалымат үчүн:
"Чакан ГЭС" ААКнын чарбалык иш-аракетинин негизги багыттары - электр энергия өндүрүү жана өткөрүп берүү болуп саналат. Компаниянын курамына Аламүдүн ГЭСтеринин кыркасы жана Быстровка ГЭСи кирет.

Поделиться материалом