Скрябин атындагы КУАУ студенттери "Чакан ГЭС" ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 16 ноября 2023

Бүгүн, 16-ноябрда Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Гидротехникалык курулуш” факультетинин студенттери "Чакан ГЭС"ААКга экскурсияга келип, энергетика дүйнөсү менен жакындан таанышышты.

Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын (ИжТКК) адистери тарабынан жүргүзүлгөн баштапкы Нускаманын этабында студенттер коопсуздук техникаларынын негизги аспектилери менен таанышышты.

ИжТКК башчысы Улан Айтуганов "Чакан ГЭС" ААКнын тарыхы менен бөлүшүп, Аламүдүн ГЭС-3 базасындагы компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, өндүрүштүк кызматтарынын функционалдык милдеттери жөнүндө айтып берди. Студенттер ар бир тетик, жабдуу тууралуу жана анын иштеши жөнүндө суроолорду берип, ГЭСтин иштөө деталдарын кызыгуу менен карашты.

Бул мүмкүнчүлүк студенттерге гана дем,шык бербестен, энергетика кесибинин тосколдуктарына карабастан коомго маанилүүлүгүн, керектүүлүгүн аныктады. Студенттер келечектеги кесибинин  ролу олуттуу таасирге жана мааниге ээ деген ишеним менен мекемени калтырышты.

       

Поделиться материалом