«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанциялардын жабдууларындагы оңдоо иштерин улантууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 сентября 2023

«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанциялардын жабдууларындагы оңдоо иштерин улантууда. Алсак, ГЭС-1 күч трансформаторунда (Т-2) жана өчүргүчтөрүндө утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ишти алып барууга «Чакан ГЭС» ААКнын жергиликтүү релелик коргоо жана автоматика кызматы, электр техникалык участогу тартылды.

Иш ордуна барган адистер төмөнкү иштерди аткарышты:

  • күч трансформаторго жана өчүргүчкө электр ченөө жүргүзүү
  • РКжАны текшерүү жана тестирлөө
  • Өчүргүчтүн майын тестирлөө жана тандоо
  • Контакттык байланыштарды жана ажыраткычтарды тазалоо
  • Изоляторлорду чаңдан тазалоо
  • Фазаларды боё

Аткарылган жумуштар электр энергияны ишенимдүү иштеп чыгышына жана сапатын жогорулатышына шарт түзөт.

    

Поделиться материалом