Бала-Саруу ГЭСине элегаздык изоляциясы менен комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктүн түшүрүлүшү күтүлүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 16 августа 2023

Бала-Саруу ГЭСинин курулушу активдүү улантылууда. 110 кВ чыңалуусундагы “Кара-Арча - Покровка” аба электр чубалгысынын курулушу дээрлик соңуна жакындады. ГЭСтин курулушуна электр энергия үзгүлтүксүз камсыздалышы керектигине байланыштуу жана аны өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан №11-15 жана №4-5 тирөөчтөр арасына зым тартуу иштери кийинки мөөнөткө жылдырылды.

Ал эми жабык бөлүштүрүүчү түзмөктүн курулушу боюнча айтсак, адистер инженердик тармактарды монтаждоо менен, (актап-сырдоо) бүтүрүү иштерин алып барууда. Бүтүрүү иштери аягына чыккан соң элегаздык изоляциясы менен комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктү монтаждоо мерчемделүүдө. Жабдуунун жеткирилип берилишин Шаньдун-Тайкай компаниясы (Кытай) камсыздоодо. Учурда жабдуу жүктөлүп жөнөтүлдү жана болжол менен курулуш аймагына эмки жума келиши күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ГЭС аймагында басым түтүктөрүн жана ГЭСтин имаратын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Айта кетсек, подряддык уюм тарабынан 0,00 белгисине чейинки пайдубалын куюу боюнча жана үч агрегаттын соргуч түтүктөрү менен бетонду кабыл алуу үчүн арматураны боолоо (бекемдөө) боюнча иштери аткарылууда. Муну менен бирге басым түтуктөрунүн тирөөчтөрүн орнотуу иштери, ГЭСтин имаратынын дубалдарын орнотуу жана темир каркасын даярдоо боюнча жумуштар аткарылууда.

Жабдууларды камсыздоочу компания Глобал Гидро тарабынан үч гидротурбинанын соргуч түтүктөрүнүн камераларын шеф-монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Эске салсак, Глобал Гидро гидроагрегаттарды жана конустук затворду жеткирип берүүнү ишке ашырат. Акыркысы учурда Бала-Саруу ГЭСинин аймагына жеткирилип келинген. Ал эми турбинанын калган бөлүктөрү даярдалып бүтүп, этап менен курулуучу аймакка жөнөтүлүүдө.

       

На Бала-Саруу ГЭС ожидается прибытие комплектно-распределительного устройства с элегазовой изоляцией…

Строительство Бала-Саруу ГЭС активно продолжается. Работы по строительству воздушной линии 110 кВ “Кара-Арча - Покровка” практически завершен. Ввиду потребности непрерывного электроснабжения для строительства ГЭС и невозможности отключения электроэннергии, работы по перетяжке проводов между опорами №11-15 и №4-5 были отложены на поздний срок.

Касательно строительства закрытого распределительного устройства, специалисты заняты проведением отделочных работ и монтажа инженерных сетей. По завершению отделочных работ, планируется монтаж комплектно-распределительного устройства с элегазовой изоляцией (КРУЭ). Поставку оборудования обеспечивает компания Шаньдун-Тайкай (Китай). В настоящее время оборудование уже отправлено и примерно через неделю прибудет на стройплощадку.

На сегодняшний день на территории ГЭС активно идут работы по строительству здания ГЭС и напорной деривации. Так подрядной организацией производятся работы по устройству стен фундамента до отметки 0,00, а также обвязка арматуры для принятия бетона по отсасывающей трубе 3-х агрегатов. Ведутся земляные работы по установке опор напорного трубопровода и продолжаются работы по изготовлению металокаркаса здания ГЭС.

Поставщиком оборудрования – компанией Глобал гидро были проведены шеф-монтажные работы по установке камер отсасывающих труб 3-х гидротурбин. Напомним, что Глобал гидро осуществляет поставку гидроагргеатов и конусного затвора, который  уже прибыл  на территорию Бала-Саруу ГЭС. Все остальные части турбин изготовлены и отгружаются поэтапно.

 

Поделиться материалом