Таалайбек Ибраев: Бала-Саруу ГЭСинин жабдуулары даяр
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 июля 2023

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев  Австриялык “Global Hydro Energy” компаниясы  менен    Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна байланыштуу гидроэнергетикалык жабдууларды техникалык контролдоо жана сыноо процедураларын өткөрүүгө, ошондой эле мындан аркы биргелешкен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында Австрия мамлекетинин Вена шаарына  иш сапары менен барды.

Министр Венадагы заводдо жабдууларды кабыл алуу менен жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Учурда Вена шаарындагы “Global Hydro Energy” заводунда турабыз. Бала-Саруу ГЭСине керектуу гидротурбиналык жабдуусунун комплектине: спиралдык камерага, турбина алдындагы затворго, багытточу аппаратга, муздатуучу системасына сыноо процедураларын өткөрүүгө жана техникалык жактан көзөмөлдөөгө келгенбиз. Жабдуулардын баардыгы курулуш графигине ылайык этап менен жеткирилүүдө. Жабдуулардын сапаты биз ойлогондой болду. Муну менен биз Бала-Саруу ГЭСинин негизги жабдуулары даяр жана Кыргызстанга жонотуу алдында турабыз десек болот» - деди министр.

Белгилей кетчү нерсе, аталган компания Бала-Саруу ГЭСи үчүн жалпы кубаттуулугу 25 МВтты түзгөн үч гидроагрегат комплектиси менен камсыз кылат.

Эскерте кетсек Бала-Саруу ГЭСи коюлган план боюнча ушул жылдын сонунда ишке берилиши керек.

     

Поделиться материалом