Бүгүн, 3-июлда, «Чакан ГЭС» ААКга караштуу Кичи Аламедин ГЭСинин иштешине 94 жыл болду.
Кичи Аламедин ГЭСи Кыргызстандагы эң биринчи курулган ГЭСтердин бири. ГЭСТин долбоору 1916-жылы эле башталып, бирок ар кандай жагдайларга байланыштуу 1928-жылдын 26-декабрында гана биринчи агрегаты, ал эми 1929-жылдын 19-январында экинчи гидроагрегаты ишке берилген.
1929-жылы дал ушул күнү Өкмөттүк комиссия кичи Аламедин ГЭСин толук текшерип чыгып, эксплуатацияга кабыл алган. Демек, расмий түрдө Кичи Аламедин ГЭСи 3-июлда ишке киргизлген десек жаңылышпайбыз.
Айтмакчы, ГЭСте азыркы күнгө чейин 1913-жылкы гидроагрегаттар кызмат кылып келет, башкача айтканда, жабдууга 110-жыл болуп калды. Бул да болсо биздин адистердин кесипкөйлүгүн, мыктылыгын далилдейт.
Туулган күнүң менен, биздин биринчи кичи ГЭС.