Электр энергиясын рационалдуу пайдаланалы!
Поделиться материалом
Опубликовано: 22 июня 2023

Электр энергиясын рационалдуу пайдалануу – жай турмуштун көндүм адаттарынан баш тартууну талап кылбаган, айлана-чөйрөнү сактоого болгон аң-сезимдүү салым. Андан сырткары, чыгымдарды кыскартуунун, электр аспаптарынын өмүрүн узартуунун бир ыкмасы.

Сиз электр энергиясын аз сарптаган лампалардын түрлөрүн билесизби?

 

Электр энергиясын үнөмдөөчү лампалардын касиетине карай аларды колдонуу багыты аныкталат. Галогендик лампалар өнөр жай мекелерине же көчөлөргө ылайыктуу.

Ал эми техникалык багыттагы бөлмөлөргө (коридорлор, даараткана ж.б.) жарык диоддуу лампалар ылайыктуу. Себеби, алар такай же бат-баттан өчүрүп-күйгүзө бергенге чыдамдуу. Коопсуз жана экологиялык жактан сапаттуу болгон үчүн лампанын бул түрүн балдар бөлмөсүнө же балдар убактысын көп өткөргөн бөлмөгө койгон жакшы.

Үйдөгү бөлмөлөргө же кеңсе бөлмөлөрүнө жарык диодуу же люминесценттүү лампаларды – керектөөңүзгө жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүңүзгө жараша колдонгонунуз оң.

      

Поделиться материалом