Келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү «Чакан ГЭС» ААКда кызуу жүрүүдө.
Поделиться материалом
Опубликовано: 27 апреля 2023

Оңдоо иш-чараларынын алкагында «Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясынын биринчи гидроагрегатына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Оңдоо иштери көп жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.

Капиталдык оңдоо иштеринин аткарууга «Чакан ГЭС» ААКнын турбиналык участогу, электротехникалык участогу, релелик коргоо жана автоматика кызматынын адситери жана четтен адистештирилген компания тартылды.  Энергетиктер жабдууларды толук чачып, эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырууда. Мындай оңдоо иштерин алып барууну негизги максаты – бул гидроагрегаттын бардык механизмдеринин абалын текшерүү, тетиктердеги дефекттерди жокко чыгаруу, жабдууларды калыбына келтирүү болуп саналат.

Айтмакчы, «Чакан ГЭС» ААКнын жогоруда аталган кызматтары жакынкы арада эле Лебединовка ГЭСинде утурумдук оңдоо иштерин аткарып, ГЭСти айланта тосмолорду орнотууда.

 

 

Поделиться материалом