“Чакан ГЭС” ААКнын акционерлеринин жалпы жылдык чогулушу болуп өттү.
Поделиться материалом
Опубликовано: 20 апреля 2023

Бейшемби күнү, 20-апрелде, “Чакан ГЭС” ААКнын акционерлеринин жалпы жылдык чогулушу болуп өттү. 2022-жылы аткарылган жумуштар тууралуу акционердик коомдун башкы директору Садыков Нурлан Маткасымович айтып берди.

Акционерлердин жалпы жылдык чогулушунун жүрүшүндө төмөнкү суроолор каралды:

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу
  2. 2022-жыл боюнча коомдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча башкы дирекциянын отчету тууралуу
  3. 2022-жыл боюнча Коомдун көз карандысыз аудиторунун кортундусу жөнүндө
  4. 2022-жыл боюнча Коомдун Текшерүүчүсүнүн кортундусу жөнүндө
  5. 2022-жылдагы Коомдун бюджетинин аткарылышы тууралуу башкы дирекциянын отчёту тууралуу
  6. 2022-жыл боюнча Коомдун жылдык балансы, киреше жана чыгашаларынын эсеби  жөнүндө
  7. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Коомдун кирешелерин бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө
  8. Коомдун Текшерүүчүсүнүн укутарын токтотуу жөнүндө
  9. Коомдун Текшерүүчүсүн шайлоо тууралуу
  10. Коомдун Текшерүүчүсүнө сый акы жана компенсаци төлөп берүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө
  11. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
  12. Коомдун Директорлор кеңешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
  13. Коомдун башкы дирекциянын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
  14. Коомдун Текшерүүчүсүнүн Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
  15. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу
  16. 2023-2024 ж.ж. Коомдун Директорлор кеңешин камсыздоого берилген чыгаша сметасын бекитүү жөнүндө
  17. 2023-жылга Коомдун жылдык бюджети жөнүндө

Акционерлердин жалпы жылдык чогулушунунда каралган суроолордун баары акционерлердин чечими менен бекитилди жана Коомдун жаңы Текшерүүчүсү болуп Мырзаканов Исламды шайлашты. Ошондой эле, чогулуштун жүрүшүндө Директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү шайланды. Алар:

• Торокулов Бектур

• Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич

• Астапаев Кубанычбек Муратбекович

  

 

Поделиться материалом