«Чакан ГЭС» ААК кыш камылгасына кам көрүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 17 апреля 2023
«Чакан ГЭС» ААКда кыш камылгасына кам көрүү кызуу жүрүүдө. Тактап айтсак, бейшемби күнү, 13-апрелде, «Чакан ГЭС» ААКнын карамагындагы Аламедин чакан гидроэлектростанциясындагы биринчи гидроагрегатка оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Оңдоп -түзөө иштерин жүргүзүүдө энергетиктер жабдууну толук карап текшерип чыгышып, майларды толуктап,  жабдуларга сыноо жүргүзүп, чыңалуулардын ченемдерин алышты.
Аткарылган жумуштар агрегатты күтүүсүз бузулушун, эскилиги жеткендиктен иштен чыгышын алдына алат.
Айтмакчы, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн гидроагрегат, бүгүн, 14-апрелде ишке берилди. 
  
Поделиться материалом