«Чакан ГЭС» ААКда Башкы директордун биринчи орун басары дайындалды.
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 апреля 2023

Шаршемби күнү, 12-апрелде, Улуттук энергохолдингдин электр станциялар башкармалыгынын башчысы Максат Жумабаев «Чакан ГЭС» ААКнын жамаатына башкы директордун биринчи орун басары болуп дайындалган Эмиль  Мухамбетовду тааныштырды.

Эмиль Мухамбетов 2018-жылдан тарта «Чакан ГЭС» ААКда эмгектенип келет. Дайындоого чейин ал акционердик коомдун Келечектүү өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болгон. «Чакан ГЭС» ААКнын Башкы директору Нурлан Садыков Улуттук энергохолдинг өкүлү Максат Жумабаевге ыраазычылык билдирип, жамааттын атынан Эмиль Салморбековичке ийгилик каалады.

    

Поделиться материалом