«Чакан ГЭС» ААКда Профсоюз уюмунун жаңы төрагасы шайланды.
Поделиться материалом
Опубликовано: 11 апреля 2023

Шейшемби күнү, 11-апрелде, «Чакан ГЭС» ААКда Профсоюз мүчөлөрүнүн катышуусунда Профсоюз уюмунун жаңы төрагасы шайланды. Шайлоону Профсоюз уюмунун буга чейинки төрагасы- Арзымат Темиралиев ачып, аткарылган жумуштары тууралуу отчетун берди. Ошондой эле, Арзымат Темиралиев учурдагы талапкерлер коомдун бычакка сап болчу эр жигиттер экенин белгилеп, талапкерлерге ийгилик каалады. Талапкерлер өз учурунда катышуучуларды мерчемдеген иштери менен тааныштырып, катардагы кызматкерлердин көйгөйлөрүн чечип берүүгө жана спортко өзгөчө көнүл бөлүүгө убада беришти.

Шайлоонун натыйжасында көпчүлүк добуш менен Профсоюз уюмунун жаңы төрагасы болуп Мунайтбасов Нурбек Токтобекович шайланды. Учурда ал «Чакан ГЭС» ААКнын релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматында телемеханика жана автоматика боюнча устат болуп эмгектенет.

Мындан сырткары, шайлоодо Кудербаев Тимур Мирбекович Профсоюз уюмунун жаңы казыначысы болуп шайланды. Ал башкаруу тутумун автоматташтыруу жана байланыш кызматында инженер болуп эмгектенет. 

      

Поделиться материалом