«Чакан ГЭС» ААК жаз-жайкы агын суу ташкындарын жана жазгы чагылган мезгилин ийгиликтүү өтүү аракетин көрүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 05 апреля 2023

«Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери жаз-жайкы агын суу ташкындарынан, жазгы чагылган мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатында жана станциялардын жабдууларын иштешине тоскоолдук жаралбаш үчүн бир топ иш-чараларды аткарууда.

Энергетиктер гидротехникалык курулуштарды жана станциялардын жабдууларын кароодон өткөрүп, авариялык резервди толуктап, шаймандарды дайындап, станцияда болуп калышы ыктымал бузулууларды алдына алуу иштерине керектелүүчү техникаларды, механизмдерди, унаалардын техникалык абалын текшерип чыгууда.  Мындан сырткары, «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери суу тосуучу дарбазаларды (затворлорду) жана аларды көтөрүүчү түзмөктөрдү текшерип, суу түтүгү аймагындагы жарыктандырууну күчөтүштү.

Поделиться материалом