Талас облусундагы Киров суусактагычында «Бала-Саруу» ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө. Учурда «Чакан ГЭС » ААК ГЭС имаратын курууда, тактап айтканда, жер тилекси дайындалып, пайдубалынын бетон куюуу иштерин алып барууда.
Ошондой эле акционердик коом суу басым түтүкчөлөрүнүн №№1-3 таяныч тирөөчтөрүн курууну улантып, жээктерди бекемдеп, жабык бөлүштурүүчү түзмөктүн чатырын жаап, имараттын 1, 2 деңгээлдеги дубалын кирпич менен көтөрүүдө.
Мындан сырткары, “КУЭТ” ААКнын кызматкерлеринин жардамы менен «Чакан ГЭС » ААК бүгүнкү күнгө мерчемделген 31 анкер, темирбетон тирөөчтөрүнүн 25ин орнотту