«Чакан ГЭС» ААКнын адистери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катышуусундагы эл аралык форумга катышышты.
Поделиться материалом
Опубликовано: 22 марта 2023

Жума ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын адистери “ЕАЭБ (евразиялык экономикалык биримдик) өлкөлөрүнүн катышуусундагы эл аралык форум: өзгөчө экономикалык шарттагы калыбына келүүчү энергия булактары, инновациялык өнүгүү жана санариптик трансформация” темасындагы форумга катышышты. Форумда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетиктери күн жана шамалдын жардамы менен электр энергия иштеп чыгуу,  калыбына келүүчү энергия булактарды өнүктүрүү боюнча, ошондой эле өлкөдөгү геотермалдык булактарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле форумда энергетика тармагындагы гендер маселеси четте калган жок. Форумдун катышуучусу-  Россия Федерациясынын энергетикадагы аялдар ассоциациясынын Президенти Инна Кирилкина “Гендер маселесин эске алуу менен санариптик трансформация” темасы менен энергетика тармагындагы аялдардын ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн айтып өттү.   

«Чакан ГЭС» ААКнын келечектүү өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Эмиль Мухамбетов форумда калыбына келүүчү энергия булактары жана чакан ГЭСтер тууралуу айтып берди. Ал катышуучуларды «Чакан ГЭС» ААКнын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, коюлган максат жана жетишкендиктер тууралуу токтолуп, Лебединовка ГЭСин куруудагы аял затынын ордун жана салымын баса белгиледи.

Баса белгилей кетчү нерсе, аталган форум Кыргызстандын Энергетикадагы Аялдар Ассоциациясынын жардамы менен уюштурулган.

  

На неделе сотрудники ОАО «Чакан ГЭС» приняли участие на Международном энергетическом форуме стран участниц ЕАЭС: ВИЭ, инновационные разработки и цифровая трансформация в особых экономических условиях. На форуме представители энергоотрасли стран участниц ЕАЭС делились своими опытами в области интеграции системно значимых объёмов солнечной и ветровой генерации,  по развитию возобновляемой энергетики страны, а также поднимали вопросы о возможности развития геотермальных источников электроэнергии страны и о гендерном вопросе в секторе.

О возобновляемых источниках энергии и о малых ГЭС выступил начальник отдела перспективного развития ОАО «Чакан ГЭС» Эмиль Мухамбетов. Он ознакомил учащихся о деятельности «Чакан ГЭС»: рассказал о поставленных задачах компании, о её достижениях и о том, какие работы проводятся компанией для развития ВИЭ и выработки электроэнергии.

Поделиться материалом