Киров cуу сактагычынын төмөнкү бъефинде курула турган Бала-Саруу чакан ГЭСинин каржылоо маселеси толугу менен чечилди
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 июля 2022

Талас облусундагы Киров суу сактагычынын төмөнкү бъефинде курула турган “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин курулуш иштери долбоордо бекитилген графикке жараша ийгиликтүү ишке ашууда. Узак мөөнөттүү бюджеттик насыя алынып, каржылоо маселеси толугу менен чечилди. Азыркы убакта “Чакан ГЭС” ААКы тийиштүү долбоордук иш кагаздары аз убакыттын ичинде соңуна чыкканы турат.

Учурда “Чакан ГЭС” ААКы долбоорду ишке ашыруу учун бардык уруксаат документтерди алды. “Бала-Саруу” чакан гидроэлектростанциясынын долбоордук-сметалык документациясы (ПСД) иштери бүтүүдө жана анын курулушуна керек болгон жабдуулары Европада жасалууда.

Долбоорго ылайык Талас облусундагы белгиленген курулуш аянтындагы бак-дарактар 2021-жылдын куз айларында көчүртүлүп, белгиленген жер түздөлүп, тазаланып куруу иштерине алдын ала дайындалган. “Бала-Саруу” долбоору- электр көмөк чордону жана ГЭСтин имаратынынын курулуш иштери мамлекеттик экспертизадан текшерилип бүткөндөн кийин жакынкы арада башталат.

Эскерте кетсек, жаңы гидроэлектростанциянын курулушуна  керектүү болгон курулуш материалдар, аспаптар жана куруучу кызматтарын алуу үчүн расмий сайтта бир-нече конкурс жарыяланган.

 

------------------------------------------------------

Бул жаңы гидроэлектр станциясынын курулушунун башталышы Кыргызстанда узак убакытан бери алгач ирет мамлекеттин катышуусу менен чакан ГЭСтерди куруу башаты болду десек болот.

 «Бала-Саруу» ГЭС курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт.

Аталган гидроэлектростанция Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Анын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынын сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда жаңы чакан «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясын курууга Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында  капсула салган.

Долбоорду Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырууда. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында  биринчи агрегатын, ал эми калган экөөну 2023 жылдын жаз айларында ишке киргизүү пландаштырылууда.

Поделиться материалом