2024-жылдын 22–26-октябрь күндөрү «Чакан ГЭС» ААКна таандык Быстровка ГЭСинде (БГЭС) келүүчү канал тазаланды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында каналдан 150 м³ге жакын табигый калдыктар чыгарылды.
Тазалоо иштери БГЭСтин кызматкерлери жана компаниянын атайын техникалары менен аткарылып, жалпы узундугу 140 метрди түзгөн — басым бассейнинен суу куру кетирүүчү каналга чейинки аймак камтылды.
Аткарылган иштердин натыйжалары:
- Гидротурбиналарга болгон жүктүн азайышы;
- Станциянын жалпы иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Станциянын келечектеги туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу;
- Канал дамбасынын тик беттерин талапка ылайык абалга келтирүү;
- Бөгөттөрдөн жана башка бөлөк заттардан тазалоо.