«Чакан ГЭС» ААК Улгайган адамдардын күнү менен куттуктайт
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 октября 2024

   2024-жылдын 1-октябрында, Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата, «Чакан ГЭС» ААК жетекчилиги, башкы директор Шакир Саидов жана башкы директордун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев, компанияда иштеп кеткен пенсионерлерди куттукташты.

   Жетекчилик ардагер кызматкерлердин көп жылдык ишке берилгендигин жана «Чакан ГЭС» ААК өнүгүшүнө кошкон зор салымын баалап, терең ыраазычылык билдирди. Ыраазычылыктын белгиси катары компания азык-түлүк жана акчалай сыйлыктар түрүндө материалдык жардам көрсөттү.

Поделиться материалом