Дүйнөлүк банк өкүлдөрү Быстровка ГЭСинде болушту
Поделиться материалом
Опубликовано: 24 сентября 2024

   Бул долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк «Чакан ГЭС» ААКна 4,6 млн АКШ долларын Быстровка ГЭСин жарым-жартылай реконструкциялоого, техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга, долбоорлоо боюнча тендердик документтерди даярдоого жана курулушка техникалык көзөмөл жүргүзүүгө бөлүп берүүдө. Ошондой эле Ош облусундагы Тар дарыясына кичи ГЭС курууга 38,6 млн доллар бөлүнгөн.

   Миссиянын негизги максаты – долбоордун бардык тармактарынын ишке ашуу жүрүмүн карап чыгуу жана анын мындан аркы өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. Миссия энергетика боюнча улук адис жана долбоордун жетекчиси Федерико Керио мырзанын жетекчилиги алдында жүргүзүлүүдө.

   Бул көчмө жыйын учурунда адистер Быстровка ГЭСинин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин баалашты. 1954-жылы пайдаланууга берилгенден бери анын кубаттуулугу 8,7 МВтты түзүп, орточо жылдык өндүрүшү 45 млн кВт/саат болчу. Бирок жылдар өтүп, жабдуулар эскирип, натыйжада кубаттуулук төмөндөөдө. Учурдагы техникалык абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

   Norconsult компаниясы тарабынан даярдалган алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, Быстровка ГЭСин оңдоп түзөө анын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн 16-18%га жогорулатат. Модернизациядан кийин электр энергиясынын жылдык өндүрүшүнүн 7,2 млн кВт/саатка көбөйүшү күтүлүүдө.

Поделиться материалом