«Быстровка» ГЭСиндеги өрт коопсуздугу боюнча машыгуу
Поделиться материалом
Опубликовано: 29 августа 2024

   29-август күнү «Чакан ГЭС» ААКна таандык «Быстровка»  ГЭСинде Кемин районунун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) катышуусу менен биргелешкен өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрүлдү.

   Машыгуу учурунда өрт чыккан кырдаал түзүлүп, станциянын кызматкерлери өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен өрттү өз алдынча өчүрүү аракеттерин көрүштү. Алдын ала 112 номери аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалуу жасалды. 

   Машыгуунун жыйынтыгында өрт өчүрүүчү машина 11 мүнөттүн ичинде келгендиги, бул өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөттү. Биргелешкен өрт коопсуздугу боюнча машыгуу ийгиликтүү өтүп, өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык өчүрүлдү.

   Мындай машыгуулар жыл ичинде үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат жана кооптуу кырдаалдарда өз убагында жана натыйжалуу жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Поделиться материалом