Кичи ГЭСинде толук камдуу ремонт иштер жүргүзүлүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 04 сентября 2024

   «Чакан ГЭС» ААКна таандык Кичи ГЭСинде 2024-2025-жылдардагы күз-кышкы мезгилге даярдык жана гидротурбиналык жабдыктарды ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында капиталдуу ремонт жүргүзүлүп жатат.

   19-августта Г-2 генераторунун статоруна кошумча обочолотмо коюу менен гидротурбиналык жабдыктарды оңдоо иштери башталды. Учурда төмөнкү иштер аткарылды:

•           Айлантманын бычакчаларын кошумча ширетүү иштери

•           Лабиринттик мөөрдүн мойунчаларын ширетүү

•           Генератордук жана турбиналык подшипниктерди баббит менен ширетүү

•           Г-2 статорунун оролмолорун чечүү жана обочолорун толук алмаштыруу.

   Кичи ГЭС Кыргызстандагы биринчи ГЭСтердин бири болуп саналат. 1928-жылы негизделген, анын кубаттуулугу 0,4 МВт. Кичи ГЭСти иштөө абалында сактоо, туруктуу иштөөнү камсыз кылуу үчүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстан энергетикасынын тарыхындагы баалуу мурас катары чоң мааниге ээ.

Поделиться материалом