«Чакан ГЭС» АККнын ишканасындагы коопсуздук техникасынын күнү
Поделиться материалом
Опубликовано: 20 августа 2024
   Иш-чара компанияга таандык бардык ГЭСтерде өтүп, коопсуздук техникасынын эрежелеринин так сакталышын камсыздоого багытталган.
   Коопсуздук техникасынын күнү алкагында СНиТБнын милдетин аткаруучу начальник Бугуев А. башында турган көчмө комиссия станциялардын өндүрүштүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин иштерин текшерүүдө.
   Бул күндүн максаты — эрежелерге шайкештикти аныктоо, ошондой эле коопсуздук техникасы боюнча колдонулуп жаткан эрежелердин, нускамалардын, стандарттардын жана башка директивдик документтердин талаптарын бузуу жана андан четтөөлөрдү алдын алуу, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү.
   Белгилей кетсек, коопсуздук техникасынын күнү ар бир айдын үчүнчү шейшембисинде өткөрүлүп, компаниянын бардык объектилеринде коопсуздукту колдоого жана контролдоого багытталган.
Поделиться материалом