«Чакан ГЭС» ААКсынын ар бир бөлүмү өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан негизги темаларды ай сайын изилдеп, талкуулап турат. Бул кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатып, алардын билим деңгээлин актуалдаштырууга өбөлгө түзөт.
Кызматкерлер менен иштөө күнү ар бир айдын экинчи шейшембисинде өткөрүлүп турат. Бул иш-чара «Чакан ГЭС» ААКсы үчүн өтө маанилүү, анткени ал коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, иштин сапатын камсыздоого жана кызматкерлер арасындагы тартипти бекемдөөгө өбөлгө түзөт.