Аталган ГЭСте модернизация иштери жүргүзүлүп, Россияда 2023-жылы чыгарылган, кызмат мөөнөтү 30 жылдан ашык болгон номиналдык чыңалуу 35000 В, НОЛ-НТЗ-35 түрүндөгү 35 кВ чыңалуудагы трансформатор, 35 кВ «КЭТЗ» аба чубалгысына орнотулду.
Мындан тышкары «Быстровка» ГЭСинде сырдоо жана майлоо майда ремонттук иштер аткарылат. Аталган жумуштар иш план боюнча күз-кыш мезгили башталганга чейин аяктайт.
Бул ГЭС Кемин районундагы жергиликтүү калкты элеткр энергиясы менен камсыздап келет.
Ремонттун негизги максаты:
- керектөөчүлөрдүн өчүрүлүшүн алдын алуу,
- электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо,
- гидроагрегаттардын токтотулушун алдын алуу,
- оперативдүү которууларды кыскартуу,
- БГЭСтин 110 кВ системасынан 35 кВ системасына өтүүдө авариялык кырдаалдарды алдын алуу.