«Чакан ГЭС» ААК менен Россия-кыргыз өнүгүү фонду ортосунда каржы бөлүү боюнча кол коюу аземи өттү
Поделиться материалом
Опубликовано: 06 июля 2023

Бүгүн, 5-июлда, «Чакан ГЭС» ААКга караштуу Бала-Саруу гидроэлектростанциясынын аймагында аталган акционердик коом менен Россия-кыргыз өнүгүү фонду ортосунда ГЭСтин курулуш иштерин соңуна чыгаруу үчүн каржы бөлүү боюнча кол коюу аземи өттү.

Иш-чарага Россия-кыргыз өнүгүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, КР ПРезидентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана башка чакырылган коноктор катышышты.  Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Бала-Саруу ГЭСинин курулушу жана өз маалында ишке берилиши энергетика тармагы үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Ал эми, «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков келген конокторго жүрүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып берип, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Муну менен бирге, иш-чаранын катышуучулары Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырып жаткан негизги подрядчиги- “Интегра Инжиниринг групп” ЖЧКнын базасына барып, басым түтүкчөлөрүнүн тетиктерин жасалышын жана жаны ГЭСке келген жабдууларды өз көзү менен көрө алышты.

Эскерте кетсек, Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоору 25 МВт кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 млн. кВт саат электр энергиясын чыгарган станцияны курууну камтыйт. Мындан сырткары, долбоордун алкагында жогорку чыңалуудагы “Покровка”, “Кара-Арча” 110 кВ аба электр чубалгылары курулуп, 31 анкер, темирбетон тирөөчтөрү орнотулуп, жогорку чыңалуудагы эки көмөкчордон курулууда.

ГЭСтин аягына чыгаруу максатында «Чакан ГЭС» ААК Россия-кыргыз өнүгүү фондуна 10 млн. АКШ доллар бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

      

Поделиться материалом