Бүгүн, 2023-жылдын 24-мартында «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг ортосунда Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышты.
Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.
Маалыматка ылайык, Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 мин ГА жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.
Подписан контракт о строительстве малой ГЭС Орто-Токой
Сегодня, 24 марта, генеральный директор ОАО «Чакан ГЭС» Нурлан Садыков и вице-президент компании «China National Heavy Machinery Corporation» Женг Хансонг подписали Контракт о строительстве малой гидроэлектростанции Орто-Токой.
Мероприятие проходило в здании Министерства экономики и коммерции с участием Министра энергетики КР Таалайбека Ибраева и Министра экономики и коммерции Данияра Амангельдиева.
Строительство малой ГЭС Орто-Токой с тремя гидроагрегатами суммарной мощностью 21 МВт позволит рационально использовать водные ресурсы страны. Названная гидроэлектростанция будет строится на бьефе одноименного водохранилища.
Стоит отметить, что Орто-Токойское водохранилище – это первое водохранилище в Кыргызстане, которое предназначено для сезонного регулирования стока р. Чу и орошения 120 тыс.ГА земель. Работа малой ГЭС Орто-Токой будет регулироваться в соответствии с ирригационным режимом водохранилища