Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Лондондогу иш сапарынын алкагында Лебединов ГЭСин реконструкциялоо боюнча макулдашууга кол коюлду.
Поделиться материалом
Опубликовано: 06 марта 2023

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Лондондогу иш сапарынын алкагында ЕРӨБ менен Лебединов ГЭСин реконструкциялоо боюнча 13,8 млн евро суммасындагы кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюлду (анын ичинен 5 млн евро – бул грант).

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Лебединовка ГЭСи (ЛГЭС) 1943-1948–жылы ишке киргизилгенин, башкача айтканда иштеп жаткан жабдуулардын эскилиги жетип, өзүнүн эскплуатациялык мөөнөтүнөн 2-3 эсе иштетилгенин билдирди.

“Биз учурда Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого муктажбыз. Себеби бул ГЭСтин жабдуулары өзүнүн мөөнөтүнөн 2-3 эсеге ашыкча иштеп, эскилиги жетти. Бүгүнкү кол коюлган макулдашуу эң туура чечим, себеби электр энергриясындагы тартыштыкты жою үчүн, энергетика тармагын жаңылоо керек. Ошондой эле Лебединовка ГЭСинин кубатуулугу 7,6 МВт болгондугу менен учурда 5,8 МВт кубаттуулугу менен иштеп келет, ал эми реконструкция жүргүзүү менен биз кубаттуулукту 9,2 МВт көтөрөбүз. Демек, электр энергия чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз бир кыйла жогорулайт” – дейт Ибраев.

Долбоорду ишке ашыруунун финансылык аспектилерин жана кызматташуу шарттарын мындан ары талкуулоо, ошондой эле Бишкекте бир катар кошумча консультацияларды өткөрүү макулдашылды.

 

 

Поделиться материалом