Электр энергиясын үнөмдөө – учур талабы!
Поделиться материалом
Опубликовано: 03 марта 2023

«Чакан ГЭС» ААК ар бир Кыргызстандын жаранын электр энергияны үнөмдөөгө чакырат.

Үй турмуш-тиричилигинде электр энергияны үнөмдөө менен бир топ каражатыңызды сактай аласыз. Ал үчүн төмөнкү иш-чараларды жасаңыз:

  1. Күтүү режимин колдоно алуучу телевизор, компьютер сыяктуу техникаларды розеткадан суруп коюу туура болот. Себеби, алар күтүү режиминде турганда да электр энергиясын керектейт. Орточо эсеп менен бир сутка ичинде мындай бир техника 297 Ватт-саат керектейт. Демек, бир эле техниканы колдонбогон маалда суруп коюу менен сиз жылына 300 кВт-сааттан ашун электр энергиясын үнөмдөй аласыз.
  2. Чайнектин түбүн кебер (накипь)басышы- кадимки көрүнүш. Бирок, кебердин калыңдашы дагы сиздин капчыгыңызга залакасын тйигизет. Себеби, ал жылуулук өтүүмүнө тоскоолдук жаратып, суу салыштырмалуу көптөн кийин кайнайт. Ошондой эле, чайды өзүңүзгө ылайыктап кайнатыңыз: чоңураак көлөмдү кайнатуу көбүрөөк убакытты талап кылат.
  3. Муздаткычты жылуулук берүүчү печканын жанына, деги эле жылуу жерге коюуу-катачылык. Себеби, муздаткыч турган бөлмөнүн жылуулугу 30 градуска жетсе, анда ал электр энергияны эки эсе көп сарптайт.
  4. Кургак кийимди үтүктөө үчүн жогорку температура керектелгендиктен, ошончолук электр энергия керектелет. Ошондуктан, кирди толук кургай элек кезинде үтүктөө- эң туура ыкма болуп саналат.
  5. Үй тиричилик техникаларын сатып алууда, сөзсүз түрдө анын электр энергиясын үнөмдөө таблицасын караңыз жана A+++,  A+,  A деп белгиленгенин алыңыз. Көп электр энергиясын керектегендерге B, C, D, E, F, G тамгалары жазылат.

«Чакан ГЭС» ААК энергоресурстарды туура колдонуп, аяр мамиле жасаган абоненттерге ыраазычылык билдирет.

Поделиться материалом