Бала-Саруу ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 24 февраля 2023

«Чакан ГЭС » ААК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  тарабынан бөлүнгөн каржыга Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» ГЭСин куруу иштерин улантууда. Учурда акционердик коом ГЭС имаратын жана басым түтүкчөлөрүн курууну ишке ашырууда.

Мындан сырткары, Бала-Саруу ГЭСине гидротехнкиалык жабдуу менен камсыздоого өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүсү Австриялык “Глобал Гидро Энерджи” компаниясы  кубаттуулугу 5 МВт болгон биринчи гидроагрегат үчүн конус тибиндеги соргуч түтүкчөлөрдүн комплектисинин биринчи партиясын алып келди.

Эске салсак, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясын курууну башкы подрядчик INTEGRA Engineering Group ишке ашырат. 

МААЛЫМКАТ

«Бала-Саруу» гидроэлектростанциясы Талас облусунун Киров суу сактагычынын гидроэнергетикалык ресурсун эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ресурстар суу сактагыч курулгандан баштап бул күнгө чейин ишке тартылган эмес. «Бала-Саруу» ГЭСинин иштөө режими Киров суу сактагычынын суугат иштери менен туураланат.

 

   

Поделиться материалом