Акционердик коом долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын кредиттик жана гранттык каржысын тартуу менен ишке ашырууну мерчемдөөдө.
“Чакан ГЭС” ААКнын релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматы электр техникалык участогу менен биргеликте Аламүдүн-3 жана Аламүдүн-5 гидроэлектростанцияларындагы ачык бөлүштүрүүчү тузмөктөгү (АБТ) ячейкаларды оңдоодо.
Кыш камылгасын көрүү максатында жаз менен бирге энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө киришишет. Жабдуунун бузулушун алдына алуу максатында энергетиктер капиталдык жана утурумдук оңдоо, техникалык тейлөө иштерин алып барышат.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү «Чакан ГЭС» ААКда кызуу жүрүүдө. Тактасак, «Чакан ГЭС» ААК Лебединовка гидроэлектростанциясынын экинчи кезектеги 35/6 кВ чыңалуусундагы күч трансформаторуна утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин тиристордук козгогуч системасынын ролун гидроагрегаттын валына туруктуу токтун генератору менен биргеликте орнотулган электромашиналык козгогуч системасы аткарып келген.
«Чакан ГЭС» ААК Бала-Саруу гидроэлектростанциясын куруу иштеринин алкагында “КУЭТ” ААКнын жардамы менен жогорку чыңалуудагы 110 кВ “Покровка” жана “Кара-Арча” аба чубалгыларын куруу иштери бүтөр алдында турат.
Ишемби күнү, 29-апрелде, «Чакан ГЭС» ААКнын ишенимдүүлүк жана техника коопсуздук кызматы өрткө каршы машыгуу өткөрдү, себеби, экстрималдуу абалда адам баласы өзүн жоготуп, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч жаратышы ыктымал.
Оңдоо иш-чараларынын алкагында «Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясынын биринчи гидроагрегатына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Оңдоо иштери көп жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.
Бейшемби күнү, 20-апрелде, “Чакан ГЭС” ААКнын акционерлеринин жалпы жылдык чогулушу болуп өттү. 2022-жылы аткарылган жумуштар тууралуу акционердик коомдун башкы директору Садыков Нурлан Маткасымович айтып берди.