Иш-чарага Россия-кыргыз өнүгүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, КР ПРезидентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана башка чакырылган коноктор катышышты.
Кичи Аламедин ГЭСи Кыргызстандагы эң биринчи курулган ГЭСтердин бири. ГЭСТин долбоору 1916-жылы эле башталып, бирок ар кандай жагдайларга байланыштуу 1928-жылдын 26-декабрында гана биринчи агрегаты, ал эми 1929-жылдын 19-январында экинчи гидроагрегаты ишке берилген
Бала-Саруу гидроэлектростанциясын куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында «Чакан ГЭС» ААКнын өкүлдөрү Туркия Республикасынын Конья шаарындагы «Arnikon Mühendislik A.S» өндүрүүчү заводуна барып келишти.
Курман айт – бул туугандардын ал-акыбалын сурап айттап барууну, жакындарды жадырап дасторкон жайып тосуп алууну гана билдирбестен, мусулман эли үчүн бул - түбөлүк баалуулуктарды: карамдуулукту, ырайымдуулукту, боорукердикти, бириимдикти түшүндүрөт.
«Чакан ГЭС» ААК оңдоо иштерин улантууда. Оңдоо иштери жай мезгилинде суугат иштерине байланыштуу суунун көлөмү аз болгон учурда жүргүзүлөт. Бул да болсо суунун куру кетишин азайтып, планга толук чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Электр энергиясын рационалдуу пайдалануу – жай турмуштун көндүм адаттарынан баш тартууну талап кылбаган, айлана-чөйрөнү сактоого болгон аң-сезимдүү салым. Андан сырткары, чыгымдарды кыскартуунун, электр аспаптарынын өмүрүн узартуунун бир ыкмасы
Энергетиктер ар бир үйгө жарык тартуулоо үчүн талкыпай эмгектенүүдө. Алсак, оңдоо иш-чаралардын алкагында «Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-2 гидроэлектростанциясынын 6 кВ чыңалуусундагы сыртка орнотулуучу комплектүү түзмөккө утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
«Чакан ГЭС» ААК тендер алдындагы онлайн жолугушуу Бишкектин убактысы менен 7-июнда, саат 14:00 болорун билдирет.
Ар бир үйгдөгү лампочка жарык бериш үчүн бир топ энергетиктердин күчү жумшалат. Кээ бир энергетиктер асман тиреген тирөөчтөрдөгү аба чубалгыларын оңдошсо, кээ бирлери суу кечип, жабдууларды оңдошот. Алардын катарын «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери толуктайт.